Таксистти 100 сом үчүн өлтүрүп, денесин дарыяга ыргытып жиберген окуучуларга сот чечим чыгарды
- 12.05.2021, 09:05,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Өзгөн шаарында таксистти 100 сом үчүн өлтүрүп, денесин дарыяга ыргытып жиберген окуучуларга сот чечим чыгарды. Бул тууралуу Ош облустук соттунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, айыпталуучулардын экөө 12 жылга эркинен ажыратылды. Сот алардын бирин 70 миң сом, экинчисин 15 миң сом айып пул төлөөгө милдеттендирген.
"Милицияга кабар бербегендиги үчүн камалган шектүүлөрдүн эки досу дагы кылмышты жашыруу беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 3 жылдык мөөнөткө эскертүү менен ата-энелеринин карамагына өткөрүп берилди", - деп жазылат маалыматта.
Эске салалы, 2020-жылдын
24-июль күнү Өзгөн районунун Зергер айылынын 29 жаштагы тургуну 19-июль күнү унаасын айдап чыгып кеткен бойдон кайтып келбегенин айтып, милицияга кайрылган. Бул факты Өзгөн РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.Териштирүүнүн жүрүшүндө 19-июлдан 20-июлга караган түнү маркум такси кызматында иштеп жаткан. Шектүү балдар аны райондогу касапканага жеткирип коюуну суранышкан. Айтылган дарекке келгенде шектүүлөр таксистке 100 сом беришкен. Бирок ал жер алыс болгондуктан, маркум 200 сом берүүнү айткан. Мындан улам ортодо чыр чыгып, таксистти өлтүрүп алышкан. Алар сөөктү жашыруу максатында бензин чачып өрттөп, Кара-Дарыяга жансыз денени ыргытып салышкан.