Бишкекте өзүнүн 13 жашар кызын уурдоого шектүү жаран кармалды
- 09.04.2021, 11:37,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бишкек шаарында өзүнүн кызын уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 8-апрелде болжол менен саат 21:20 чамасында 102 кызматына Чыгыш 5 кичи районунан кичинекей кызды уурдап кетти деген маалымат келип түшкөн.
"Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери барганда, 1984-жылы туулган аял жардам сурап кайрылган. Анда 2008-жылы туулган кызын мурдагы жолдошу уурдап кеткендигин жазган. Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, кайгуул кызматкерлери изи сууй электе кылмышка шектүүнү Кулиева көчөсүнөн Ош шаарына кетүү максатында таксиге отуруп жаткан жеринен 1984-жылы туулган У.Э. аттуу жаранды кармашып, Свердлов РИИБинин тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен. Учурда тийиштүү иштер жүргүзүлүүдө. Ал эми 2008-жылы туулган кызы апасына сак-саламат өткөрүлүп берилди", - деп жазылат маалыматта.