Чүйдө 35 жаштагы киши асынып алды
- 21.05.2021, 10:48,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Чүй облусунун Москва районунда 35 жаштагы киши асынып алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 20-май күнү саат 18:26 чамасында "102" кызматына Петровка айылынын Степная көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн короосундагы бакта эркек киши асынып өмүрүн кыйгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
"Куткаруучулар жерине барганда, славян улутундагы 1986-жылы туулган эркек киши асынып, өз өмүрүн кыйгандыгы такталган. ӨКМнын куткаруучулары маркумдун сөөгүн алып түшүп, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен", - деп жазылат маалыматта.