У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


15 күн иштебей жатып пара менен кармалган Азамат Дыйканбаев эки айга камакка алынды


Министрлер кабинетинин төрагасынын мурдагы орун басары — санариптик өнүктүрүү министри Азамат Дыйканбаев эки айга УКМКнын абагына киргизилди. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы кабарлады.
Аны камакка алуу чечими кечээ кабыл алынган.

Дыйканбаев "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабын ишке ашырып жаткан чет элдик компаниянын өкүлүнөн пара алды деп шектелген.  Ал кечээ иштен бошотулуп, ордуна Дастан Догоев дайындалды.

Дыйканбаев өкмөттөгү кызматка 5-майда дайындалган. Ага чейин Санариптик өнүктүрүү боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчисинин орун басары болуп иштеп турган.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter