У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жогорку Кеңештин имаратына келип, "президент болом" деп кирүүгө аракет кылган жаранды тез жардам алып кетти


Кечээ, 18-майда Жогорку Кеңештин имаратына келип, президент болом деп имаратка кирүүгө аракет кылган жаран үчүн  Тез жардам чакыртылды.

Ал лассикалык кийим кийип, ак үйгө барып, өзүн президентмин деп тааныштырган. Анын адаттан тыш кыймыл-аракетин баамдаган Ак үйдүн кызматкерлери дароо тез жардам унаасын чакырган.

Ыкчам медицина борборунун жетекчиси Искендер Шаяхметов маалымат булактарына окуянын чоо-жайын айтып берди. Анын билдиришинче, кечээ саат 19:02де 102 линиясы аркылуу чакыруу түшүп, өзүн адаттан тыш алып жүргөн киши тууралуу кабар берилген.

"Тез жардам бригадасы барганда 35 жаштагы киши Жогорку Кеңешке келип, президент болгусу келгенин айтканы белгилүү болгон. Ал парламенттин аппарат кызматкери эмес, чоочун адам болуп чыккан. Кийинчерээк Республикалык психикалык ден соолук борборунда каттоодо турганы тастыкталды", — деди Шаяхметов.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter