Жалпы республикалык тесттен өтүү үчүн 42 миң 817 бүтүрүүчү катталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, республика боюнча жалпы республикалык тесттен өткөрүүгө жетиштүү деңгээлде даярдык көрүлдү.
Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова азыр окуучулардын, алардын ата-энелеринин жана жакындарынын өмүрү, саламаттыгы баарынан маанилүү экенин белгиледи. “Пандемия шартында Жалпы республикалык тестирлөөнү өткөрүүдө балдардын ден соолугунун коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруп, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жана COVID-19 менен күрөшүү боюнча республикалык штаб тарабынан сунушталган эрежелердин сакталып, санитардык талаптардын аткарылышын катуу көзөмөлгө алынат", - деди ал.