Садыр Жапаров бүгүн Ысык-Көлдөгү марафондун ачылышына катышты
- 15.05.2021, 10:57,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-майда, Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромдо Run the Silk road — Shanghai Cooperation Organization эл аралык марафонуна старт берди. Бул тууралуу өлкө башчынын малымат кызматынан билдиришти.
Ал даңазалуу жөө күлүк Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналган иш-чаранын катышуучуларын куттуктады.
“Марафондун максаты сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу, калкты дене тарбия жана спорт менен үзгүлтүксүз машыгууга тартуу болуп саналат. Андан тышкары, спорттук-массалык иш-чаралар аркылуу Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн кызматташтыгын бекемдөө, эл аралык достук, спорттук байланыштарды жана туризмди өнүктүрүү, ошондой эле аймактагы күчтүү марафончуларды аныктоо”, — деди Жапаров.
Президент 2020-жылдын аягында ШКУнун Ысык-Көл марафону квалификациялык деп таанылганын, марафондун нормативин толтурган спортчуларга дүйнө чемпионатына, Олимпиада оюндарына жана Азия оюндарына жолдомо берилерин белгиледи.