У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстанда алгачкы жолу дзюдо академиясы ачылды


Бишкекте кечээ, 9-апрелде Кыргызстандын дзюдо академиясы ачылды. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.

Салтанаттуу иш-чарага Эл аралык дзюдо федерациясынын президенти Мариус Визер, Азия дзюдо союзунун президенти Обейд Аль Анзи, өлкөнүн Дзюдо федерациясынын президенти Жолдошбек Колбаев, Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Саламат Эргешов жана Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Жоомарт Шамканов катышты.
Иш-чаранын сыйлуу коноктору Мариус Визер, Обейд Аль Анзи жана Жолдошбек Колбаев кызыл тасманы кесип, өлкөдөгү биринчи дзюдо акамдемиясынын ачылыш урматына арча отургузушту.
Чет элден келген спорт өкүлдөрү академиядан дзюдо боюнча Азия жана дүйнө чемпиондору чыгат деген ишенимин билдиришкен.

Кыргызстандын дзюдо федерациясы курган спорттук жайдын аянты 3700 чарчы метрге барабар. Ичине сегиз татами комплекти салынып, машыгууга бардык шарттар түзүлгөн.Бүгүн президент Садыр Жапаров да Эл аралык дзюдо федерациясынын президенти Мариус Визер жана уюмдун вице-президенти Обейд Аль Анзи менен жолугушкан.
Анда кызматташтыкты бекемдөө, Кыргызстанда  спорттун бул түрүн өнүктүрүү пландары жана багыттары талкууланган.
Белгилей кетсек, 2021-жылдын 6-апрелинен 9-апрелине чейин Бишкекте дзюдо боюнча аялдар жана эркектер арасында Азия жана Океания чемпионаты болуп, ага 29 мамлекеттин өкүлдөрү катышкан.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter