У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


"Жол тыгынын жаратып жатышат". Милиция кайыр сурагандар менен ыктыярчыларга түшүндүрүү иштерин жүргүздү


Бишкекте ыктыярчылар менен кайырчылар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Буга алардын жол тыгынын жаратып жатканы тууралуу маалыматтар себеп болгонун Милициянын кайгуул кызматы кабарлады.


Ага ылайык, айдоочулар милиционерлерге кайыр сурагандар чоң көчөлөрдө тыгын жаратып, кээде кырсыкка да учуратып жатканын айтып кайрылышкан. Ошондой эле алардан айланып өтөбүз деп "Коопсуз шаардын" камераларына түшүп калып жатканын айтышкан.
Мындан тышкары, милиционерлер ыктыярчылар менен да сүйлөшкөн.

"Кызматкерлер катуу оору менен алышып жаткандарга жардам берген ыктыярчыларды түшүнүү менен кабыл алат. Анткен менен жол кырсыгын, тыгындарды жана ар кандай кырдаалдарды алдын алуу үчүн автоунаа өткөн жолдун тилкесине чыкпоону суранат", — деп айтылат маалыматта.
Кайгуул милиция тараткан сүрөттөн чоң желим бөтөлкөгө каражат чогулткан ыктыярчыларды көрүүгө болот.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter