Чаткалда алтын казган компания мамлекетке 103 млн. сом төлөй турган болду
- 12.05.2021, 11:08,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Чаткал районунда тоо-кен тармагында иш жүргүзгөн компания экологияга зыян келтиргени үчүн мамлекетке 103 миллион сом төлөөгө милдеттендирилди. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү учурунда Кыргызстандын жаратылышына өзгөчө ири өлчөмдөгү зыян келтирилгени аныкталган.
"Жер кодексине ылайык, айыл чарбасынын жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу наркы өкмөт белгилеген тартипте, укук ырастоочу документтерди бергенге чейин жер казынасын пайдалануучу тарабынан төлөнөт. Тоо-кен тармагындагы "Ч.З" жабык акционердик коомуна "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Чаткал филиалы айыл чарба жерлеринин жоготуулары үчүн акча каражатын төлөбөгөндүгүнө карабастан өндүрүш үчүн убактылуу пайдаланууга 726 гектар жер тилкесин берип жиберген", — деп айтылат маалыматта.