У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Чаткалда алтын казгандарга арчаларды кыюуга бийлик уруксат берген


Соцтармактардын колдонуучулары Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда алтын казган компания мыйзамсыз түрдө арчаларды кыйып жаткандыгын жазып чыгышкан. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги аталган маалыматты четке какты.
 
Агенттиктин маалыматына караганда арчаларды кыюу мыйзамга каршы келбейт.

"Кен казуу иштери жүрүп жаткан жер тилкеси айыл чарба багытындагы жер категориясынан "өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана ушул сыяктуу багыттагы жер" категориясына которулуп, "Чаарат Заав" компаниясына берилген. Алар Түлкүбаш аймагындагы кенди 2032-жылдын 25-июнуна чейин казууга лицензия алган", — деп билдирди агенттиктин маалымат кызматы.
 
Ижарага берилген жердин жалпы аянты 249,44 гектарды түзөт, анын 10 гектары токой экени айтылат.

"Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан токой чарбанын жоготууларынын суммасы 6 миллион 556 миң 404 сом болору аныкталган. Мындан улам 2019-жылдын 21-ноябрында ведомстволор аралык комиссиянын чечими менен компанияга өзгөчө баалуу дарактарды кыюуга уруксат берилген", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле агенттик өзгөчө баалуу типтеги дарактарды жана бадалдардын кыйылышын Мамлекеттик экотехинспекция көзөмөлдөй турганын кошумчалады.

 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter