Чүйдө 98 жаштагы Анипа Кабеновага "Офицердин жубайы" медалы берилди. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти. Сыйлыкты милициянын Ардагерлер кеңешинин төрагасы Ашыркул Асанов тапшырды.
"Анипа апанын жолдошу Молдоакмат Кабенов ички иштер органдарында иштеп, милициянын капитаны наамына жеткен. Жубайлар экөө тең 1923-жылы Чүй облусунун Чүй районунда туулган. Молдоакмат ата жашынан эле оор турмушту башынан өткөрүп, Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. Жумушуна байланыштуу Чүй жана Нарын облустарында эмгектенип, акыркы жылдары Ысык-Ата райондук жана Токмок ШИИБинин жетекчилик кызматтарында иштеп, ардактуу эс алууга чыккан. Анипа апа согуш мезгилинде оорукта эмгектенген. Молдоакмат атанын ийгиликке жетип, кызматтан жогорулашына эмгеги чоң экендиги талашсыз. Офицердин жубайы болуу канчалык түйшүктүү жана сыймыктуу экенин мыкты билет", - деп айтылат маалыматта.