Өз үйүндө ок чыгарып...Чүйдө 18 жаштагы жигит атасынын үстүнөн арыз жазды
- 15.12.2020, 10:52,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Жайыл районунун 18 жаштагы тургуну укук коргоочуларга өз атасынын үстүнөн арызданды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.Баланын айтымында атасы ичкиликке берилип кеткендиктен үй-бүлөсүнө, баласына тынчтык бербейт. Акыркы уруш ок атуу менен аяктаган. "Арыз 11-декабрь күнү Чүй ОИИББинин нөөмөт бөлүмүнө келип түшкөн. Милиция кызматкерлери дароо окуя болгон жерге барганда арыз ээсинин атасы үйгө мас болуп келип, ызы-чуу салып, сөгүнүп сүйлөгөндүгүнө күбө болушкан. Бир маалда баланын атасы белгисиз куралдан үйдүн эшигин көздөй ок чыгарган", - деп жазылат маалыматта.
Пикир калтыруу
- Бүгүн
- Көп окулгандар
- Талкуу
Соц.Тармак