Бишкек мэриясы айт намазын аянтта өткөрбөөнү сунуштады
- 10.05.2021, 10:58,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бишкек мэриясы борбор калаадагы эпидемиологиялык кырдаалдан улам айт намаздын Эски аянтта окулушун чектөөнү сунуштады. Бул туурасында Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Айнагүл Рыскулбекова билдирди.
Анын айтымына караганда, эпидемиологиялык абал учурда кыйын болуп турат, андыктан жума намазды да мечиттерде чогулуп окууга тыюу салуу сунушу бар. Рыскулбекова жалпысынан эле эл көп санда чогулган иш-чараларга абал турукташмайын чектөө коюу керектигин билдирди.