9-майда вирустан улам "Өлбөс полкко" тыюу салынганына карабай, жүрүш баары бир болду
- 10.05.2021, 09:42,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бишкекте 9-май күнү Коронавирустан улам "Өлбөс полкко" тыюу салынганына карабастан жүрүш баары бир болду. 50гө жакын адам ардагерлердин сүрөтүн көтөрүп Түштүк дарбазадан Өчпөс отко чейин Байтик баатыр көчөсүндөгү тротуар менен басып келишти.
Ошондой эле "Жеңиш" аталышындагы автожүрүш болду. Бул иш-чара коронавирустан улам токтотулган "Өлбөс полк" жүрүшүнүн коопсуз альтернативасы болуп калды. Себеби жарандар өз унааларынын ичинде болушту. 100гө чукул автоунаа шаардын чок ортосунан баштап Чоң-Арык айылына чейин барышты.
Эртең менен Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко президент Садыр Жапаров гүл койду. Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы, министрлер кабинетинин төрагасы, Жогорку соттун төрайымы, президенттин аппаратынын жетекчиси жана экс-президенттер катышты.