Акыркы сутка ичинде өлкөдө 4 443 жаран коронавируска каршы вакцина алды
- 08.05.2021, 11:29,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Акыркы сутка ичинде өлкөдө 4 443 жаран коронавируска каршы вакцина алды. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдады.
8-майга карата Кыргызстан боюнча эмдөөдөн өткөндөрдүн саны 41 854кө жетти. 5 317 кыргызстандык препараттын экинчи компонентин алышкан.
Аймактар боюнча статистика:- Бишкек — 11 360 жаран (анын 163ү экинчи дозаны алды);
- Жалал-Абад облусу — 7 022 жаран (275);
- Ош облусу — 5 447 жаран (540);
- Чүй облусу — 5 297 жаран (118);
- Ысык-Көл облусу — 3 834 жаран (159);
- Ош шаары — 3 442 жаран (154);
- Талас облусу — 2 050 жаран (43);
- Баткен облусу — 1 863 жаран (117);
- Нарын облусу — 1 539 жаран (46).
Кыргызстанда калкты коронавируска каршы эмдөө 29-мартта башталган. Март айынын аягында Кытайдан Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасы гуманитардык жардам катары берилген.
Мындан сырткары. Кыргызстанга россиялык "Спутник V" вакцинасынан 20 миң доза алынган. Анын саны чектелүү болгондугуна байланыштуу бул дары 65 жаштан ашкандарга жана өнөкөт оорусу бар жарандарга гана сайылып жатат.