ИИМ: Баткен облусунун аймагында абал туруктуу
- 08.05.2021, 11:07,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
2021-жылдын 8-майына карата Баткен облусунун аймагында, мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу. Бул аралыкта чек арага чектеш аймактарда түнкүсүн ок атышуулар менен башка окуялар катталган жок. Чек арага чектеш айылдар милиция кызматкерлеринин толук көзөмөлүндө. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасын ИИМдин "Шер" атайын багыттагы отряды менен УКМКнын Чек ара кызматынын "Бөрү" атайын дайындоодогу отряды күчөтүлгөн режимде кызмат өтөшүүдө.
Учурда Баткен облусунда Бишкек, Ош шаарларынан, Ош, Чүй жана Жалал-Абад облустарынан жөнөтүлгөн ыкчам-тергөө топтору иштеп жатат. Бүгүнкү күндө 52 ыкчам-тергөө тобу чыгымдарды тактоо боюнча иштерди жүргүзүп, тажик тараптан курал колдонулганы жөнүндө далилдерди документтештирип, топтоодо. Андан сырткары, милиция кызматкерлери жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин дагы жүргүзүп жатат. Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик чек тилкесинде абал туруктуу.