6-майга карата Баткен облусунун бардык район жана айылдарында абал туруктуу
- 06.05.2021, 09:50,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
6-майга карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги Баткен облусунун бардык район жана айылдарында абал туруктуу. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Чек арадагы айылдар милиция кызматкерлеринин көзөмөлүндө.
«Учурда чек ара аймактарында абал тынч. Чек арадагы айылдардын коопсуздугу милиция, ички аскерлер жана башка коопсуздук органдары тарабынан көзөмөлдөнөт. Ички иштер бөлүмүнүн, ички аскерлердин жана башка күч структураларынын кызматкерлери жергиликтүү калк арасында мыйзамдуулукту сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Тергөө жана ыкчам топтору иликтөө иштерин жүргүзүп, жаңжал учурунда жабыркаган социалдык объектилерге жана турак жайларга келтирилген чыгымдарды эсептеп чыгууну улантышууда», - деп билдирди министрлик.
Чек ара аймактарында милиция күнү-түнү нөөмөттө болуп, аймакты кайтарууда.