У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Б.Асанбеков: «Кочкорго коронавирус келбейт. Анын төрт себеби…»



Кочкор районунда коронавирус илдети жайылбайт. Мындай пикирин аймактык кабарчыга Кочкор районунун тургуну, фермер Болот Асанбеков билдирди.
 
«Кочкор районунда коронавирус илдети жайылбайт. Анын төрт себеби бар. Биринчиси, күн тийген жерде вирустар көп жашай албайт. Экинчиси, вирусту жоготуу үчүн дары, уу чачып жатышат. Бизде шамал болуп турат. Коронавирустун илдетин шамал айдап кетет. Үчүнчүсү, Кочкордо картошкага зыян алып келүүчү “колорадо коңузу” жашай албайт. Ошондуктан коронавирустун илдети да жашай албайт. Келбейт. Төртүнчүсү, Кочкор районунун эти, балы күчтүү. Ал адамдын иммунитетин түшүрбөй сактайт. Ошондой эле Кочкор районунун картошкасы башка жактардыкына караганда сапаттуу. Картошкада крахмал көп. Ошол себептен коронавирус оорусунан кочкорлуктар кооптонбосо да болот», - деди Болот Асанбеков.
 
Ал көп жылдан бери багбанчылык менен алектенет. Ошону менен бирге дары чөптөргө, жаратылышка кызыгат.
Булак, «Турмуш»
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter