У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Камчыбек Ташиев: Биз тажик тараптан келтирилген зыяндын ордун толтурууну талап кылбайбыз-видео

 
Кыргызстан тажик тараптан жаӊжал учурунда келтирилген зыяндын ордун толтурууну талап кылбайт. Бул тууралуу УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Баткен облусунун Лейлек районунун Максат айылынын тургундары менен жолугушууда билдирди. 
 
Жолугушууга келген жергиликтүү тургундар тажик тарап келтирилген зыяндын бир бөлүгүн төлөп береби?-деген суроо менен атайын кызматтын төрагасына кайрылышты. 
 
«Айрым талкаланган үйлөрдү калыбына келтирүү өтүнүчү менен биз Тажикстанга кайрылбайбыз. Биздин күчүбүз жана мүмкүнчүлүктөрүбүз жетиштүү. Өз күчүбүз менен элибизге үйлөрдү курабыз. Эгерде тажик тарап жасаган ишине өкүнүп, келтирилген зыянды калыбына келтирүү боюнча сунуш киргизсе, анда биз муну карап чыгабыз. Эми азыр биз Тажикстанга жардам сурап кайрылбайбыз», - деди Камчыбек Ташиев.
 
Ал кошумчалагандай, талкаланган имараттарды калыбына келтирүү иштери бир жуманын ичинде башталат. 
 
«Күзгө чейин бардык жашоочулар жаңы үйлөрүндө жашашат», - деп сөзүн жыйынтыктады Камчыбек Ташиев. 
 
Эскерте кетсек, чек арада жаңжал 28-апрелде башталган. 



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter