Америкадагы кыргыздар БУУнун алдына акцияга чыгышты
- 04.05.2021, 09:54,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
28-29-30-апрель күндөрү чек арада болгон куралдуу кагылышта тажик тараптын карапайым калкка ок атканын айыптап АКШдагы кыргыз диаспорасы 4-майда Бириккен Улуттар Уюмунун Нью -Йорк шаарындагы башкы кеңсесинин алдына акцияга чыгышты.
Алар тажик тарап тынч элге куралдуу кол салганын баса белгилешип, чек арадагы жаӊжал учурунда өмүрү кыйылган өспүрүм Мадина менен тажиктердин айынын ооруканага жетпей каза болгон беш жаштагы Абидиндин сүрөтүн көтөрүп чыгышты.