Бишкектеги 6 мектепте салттуу режимде окутуу башталды
- 04.05.2021, 09:41,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бишкек шаарындагы 6 мектеп салттуу режимде окутууну баштады. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен маалымдашты.
Маалыматка ылайык, №26, №63, №17, №35, №67 жана №24 мектептери карантинден чыгып, окуу процессин салттуу режиминде баштады.
"
3-майга карата 10 мектеп аралыктан окутууну улантууда, булар: №11, №12, №65, №33, №62, №64 жана №88 мектептер. Мындан тышкары 25 класс аралыктан билим алып, мектептер өз ишин улантып жатат.2 миң 68 окуучунун ата-энеси аралыктан билим алуу тууралуу арыздарын калтырышты", - деп жазылат маалыматта.
Шаардык мэрия жарандардан санитардык нормаларды сактоону, бет кап тагынып, аралыкты сактоону суранат.