У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Тажиктерден качып баратып каналга түшүп кеткен 5 жаштагы наристенин өлүмү боюнча териштирүү башталды


5 жаштагы Абидин Турсунбаевдин өлүмү боюнча териштирүү иши башталды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы кабарлады. 
Маалыматка ылайык, аталган кылмыш иши бүгүн, 3-майда Лейлек РИИБинин маалыматтардын электрондук журналына катталган.
"2021-жылдын 29-апрелинде Лейлек районунун Арка айылында тажик тараптан ок атылган учурда, ошол жердин жергиликтүү тургундары айылдан качып чыгышканда Арка-2 айылынын 2016-жылы туулган Абидин Турсунбаев аттуу тургуну айылдагы каналга түшүп кетип каза болгон.
Бул факты 2021-жылдын 3-май күнү Лейлек РИИБинин маалыматтардын электрондук журналына катталып, азыркы күндө текшерүү иштери жүрүп жатат", - дешти мекемеден.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter