У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Орозо кармагандар COVID-19 илдетине каршы эмдөөдөн өтсө болобу? Муфтият менен министрликтин жообу


Рамазан айында орозо кармаган адамдар COVID-19 илдетине каршы эмдɵɵдɵн ɵтсɵ болор-болбостугу тууралуу суроого Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргызстан дин башкармалыгы менен биргеликте жооп беришти.

Ага ылайык, муфтияттын өкүлү Бактияр Токтогазы уулу орозо кармагандар коронавирус илдетине каршы вакцина алса орозосу бузулбай турганын билдирген.

"Саламаттык сактоо маселелери абдан маанилүү. Эгер момун мусулман эмдɵɵдɵн ɵтɵм деп чечим кабыл алган болсо, эч шектенүүсүз сайдыра берсин", — деген муфтияттын өкүлү.
 
Ошондой эле Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова бардык жарандарды COVID-19га каршы вакцина алууга чакырган.
Коронавирус оорусуна каршы эмдөөгө байланыштуу сурап-билүү телефондору ишке киргизилген. Call-борбор күн сайын эртең мененки саат сегизден кечки алтыга чейин иштейт. Ага жарандар 0312 32-31-27, 0312 54-65-21, 0500 30 32 23, 0500 30 33 43 номерлери аркылуу чала алат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter