У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Чек арадагы кырдаал. Айрым айылдардын тургундары үйлөрүнө кайта баштады


 Саат 17.00дө мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу. Бул тууралуу УКМКнын Мамлекеттик чек ара кызматынын Мамлекеттик чек араны кайтаруу башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Назарали уулу Талантбек бүгүн брифингде билдирди.
 
Анын айтымында, мамлекеттик чек ара сызыгынан туруктуу жайгаштыруу пункттарына чейин кошумча күчтөрдү жана каражаттарды чыгаруу боюнча биргелешкен комиссиянын иши уланууда.
 
Эки өлкөнүн жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги өткөрүү пункттары убактылуу жабылды. 
 
Назарали уулу Талантбектин айтымында, буга чейин эвакуацияланган айрым айылдардын жашоочулары үйлөрүнө кайта башташкан.
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter