У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкек мэриясы Баткен элине 100 тоннадан ашык гуманитардык жардам көрсөттү


Бишкек шаардык мэриясы Баткен облусуна 100 тоннадан ашык гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов төмөнкүлөрдү билдирди. 

"Баткен элине суммасы 6 миллион сомду түзгөн 100 тоннадан ашык тамак-аш азыктарын гуманитардык жардам катары жөнөтүп жатабыз. Мындан тышкары Бишкек шаардык мэриясындагы бардык түзүмдөр бир күндүк маянасын которушту. Бул 2 миллион сомго жакын болот. Каражатты өкмөттүн атайын эсебине которуп беребиз. Азыр баарыбыз баткендик туугандарыбызды колдошубуз керек", - деп билдирди Бактыбек Кудайбергенов.
Мындан тышкары Бишкек шаарынын 4 районунда гуманитардык жардамды кабыл алуу бөлүмдөрү ачылды. Ал жерге каалоочулар көмөк көрсөтө аларын кошумчалап өттү.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter