Мэр токтобос болду. Мэриянын алдында кайрадан митинг өттү
- 10.02.2021, 12:10,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бишкек мэриясынын алдында кайрадан нааразылык акциясы өттү. 30 чакты адам чогулуп, мэрдин милдетин аткарууга жаңы адам дайындалышы керектигин айтып жатышат. Колдоруна "Мэрликке Руслан Тагаев татыктуу" деген жазууларды кармап алышкан.
10-февралда өкмөт башчы Улукбек Марипов Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу тууралуу чечимин бир күндөн кийин жокко чыгарып, бул кызматка жаңы мэр шайланганга чейин Бактыбек Кудайбергеновду дайындады.
Өкмөттүн расмий сайтындагы 10-февралдагы маалыматка караганда, Мариповдун чечими менен Эрмек Нургазиевди мэрдин милдетин аткаруучу катары дайындоо тууралуу 9-февралдагы чечим жокко чыгарылды.