30-апрелине карата жалпы республика боюнча сутка ичинде COVID-19 илдети 331 адамдан аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти. Билдирүүгө ылайык, илдет аныкталган бейтаптардын эң көбү Бишкек шаарында катталды. Анда 211 адамга COVID-19 диагнозу коюлду. Калгандары башка аймактардан катталды: Ош шаар – 5 Чүй облусу – 83 Ош облусу – 3 Нарын облусу – 2 Ысык-Көл облусу – 25 Баткен облусу – 2 Жалпы илдет жуктуруп алгандардын саны – 95 миң 275.
Өлкөдө бир сутка ичинде 268 бейтап коронавирус илдетинен сакайды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти. Билдирүүгө ылайык, Бишкек шаарында 172 бейтап сакайып, ооруканадан чыкты. Калгандары: Ош шаары – 4 Чүй облусу – 71 Ош облусу – 6 Талас облусу – 3 Нарын облусу – 3 Ысык-Көл облусу – 6 Жалал-Абад облусу – 3 Жалпы айыккандардын саны 89 миң 191 бейтапты түздү.