Чек ара чыры: Эки мамлекеттин өкүлдөрү биргелешкен билдирүү жасашты
- 30.04.2021, 09:56,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргыз-Тажик чек ара аймактарындагы куралдуу жаңжалды жөнгө салуу боюнча эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн демилгеси менен түзүлгөн комиссиялар окуянын себептерин жана кесепеттерин талкуулашты. Т
араптар куралдуу жаңжалды токтотуу, аскердик курамды жана аскердик техниканы туруктуу жайларына алып кетүү боюнча өз ара макулдашышты."Принять меры к недопущению эскалации напряженности, создать совместную рабочую группу из числа сотрудников правоохранительных органов и исполнительной власти двух стран для полной реализации намеченных мер и создания соответствующих стабилизирующих условий для плодотворного переговорного процесса в интересах двух дружественных народов и государств", - говорится в сообщении.
"Чыңалуунун курчушуна жол бербөө боюнча чараларды көрүү, эки мамлекеттин укук коргоо жана аткаруу бийлигинин кызматкерлеринин биргелешкен жумушчу тобун түзүү, пландаштырылган иш-чараларды толугу менен жүзөгө ашыруу, эки элдин, мамлекеттин кызыкчылыгына ылайык, жемиштүү сүйлөшүү үчүн тийиштүү турукташтыруучу шарттарды түзүү", - деп айтылат билдирүүдө.Бул билдирүүгө Кыргыз делегациясынын атынан өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев кол койду. Тажикстандын делегациясынан аталган өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Саймумин Ятимов кол койду.