Коронавирус жуктуруп алган 407 адамдын абалы оор
- 27.04.2021, 12:17,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстанда учурда 3 миң 286 адам коронавируска каршы дарылап жатышат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов брифингде билдирди.
Маалыматка ылайык, 1 миң 817 бейтап амбулаториялык шартта (үйдөн), ооруканалардан - 1 миң 469 дарыланышууда. Анын ичинде 65 адам өтө оор абалда, 342 адам оор абалда. Бейтаптардын басымдуу бөлүгүнүн абалы - 1 миң 49 адам (же 71 пайызы) - орто оор деп бааланууда, 13 адамдын гана абалы канааттандырарлык.