У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


"Мадина" кафесинин ээси Хуфур Абдурахеманды өлтүргөндөр 16 жылга эркинен ажыратылды.


Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн ишкер Хуфур Абдурахемандын өлүмү боюнча сот чечим чыгарды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, Свердлов райондук соту чечимди 13-апрелде чыгарган. Анда К.Э., Ш.У. Б.К. жана Д.В.аттуу жарандар күнөөлүү деп табылып, ар бири 16 жылга эркинен ажыратылды.

Эске салсак, 1981-жылы туулган ишкер Хуфур Абдурахеман 2019-жылдын 4-октябрдан бери дайынсыз болуп жаткан. 2019-жылдын 18-октябрында анын жансыз денеси Кочкор районунан табылганы айтылган. Милиция кызматкерлери жеке ишкер Хуфур Абдурахеманды уурдап кетип, өлтүрүүгө шектелип жаткан жалпы 8 адамды кармаган. Алардын арасында мурдагы милиция кызматкерлери жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо тургандар да болгон. 2020-жылдын 10-июнунда ишкердин өлүмү боюнча тергөө иши аяктап калганы маалымдалган.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter