У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстандан чет жакка баргандардан коронавирус аныкталып жатат

Кыргызстандан Казакстанга барган 2 жарандан жугуштуу вирусту аныкташты. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты. 

2020-жылдын 23-мартында Кыргызстандын Чүй областынан Казакстандын  Жамбыл облусуна барган айдоочудан жаман вирус аныкталган. 

«Ал дароо карантинге жайгаштырылып, коронавируска анализ алынган. Оору аныкталгандан кийин облустук жугуштуу оорулар станционарына жаткырылды. Учурда анын абалы канааттандырарлык деп бааланып жатат, дене табы чекте, өмүрүнө коркунуч жаралган жок. Ал тиешелүү жардам алып жатат», - деп айтылган маалыматта. 

Көп өтпөй  Кыргызстандан Кордай районуна барган 1996-жылкы  кыздан да аталган вирусту табышты. Ал   24-март күнү барган. 

 “Жаш кыз карантиндик стационарга жаткырылды. Лабораториялык анализдин жыйынтыгынан коронавирус аныкталды. Бейтап жугуштуу стационарга которулду, анын абалы канааттандырарлык”, – деп айтылат казак басылмаларында.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter