У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Куткаруучуларга "Эмгек сиңирген куткаруучу" наамын берүү демилгеленди


Куткаруучуларга  "Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун мамлекеттик тутумунун эмгек сиңирген кызматкери" деген жогорку наам берүү, дал ушундай мыйлыкты негиздөө сунушталууда. Аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев демилгелеп, коомдук талкууга чыгарды.

Мыйзамдын маалым катында 2017-жылы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" мыйзамынан "КР эмгек сиңирген куткаруучусу" деген ардак наам алып салынганы белгиленет. Бул адам өмүрүн сактап жүргөн куткаруучуларга болгон сыйдын жоктугу дейт демилгечилер. 

Алар өлкө аймагында жыл сайын 4000ге жакын өрт, 3000ге чукул өзгөчө кырдаалдар жана кырсыктар катталарын мисал келтирген.

"Адам өмүрүн сактоо – жогорку кесипкөйлүктү жана эрдикти талап кылган жооптуу, өтө татаал жана кооптуу жумуш. COVID-19га каршы күрөшүү учурунда да ӨКМдин бөлүмдөрү жогорку жоопкерчилик менен ат көтөргүс жүктү аркалады. Бул – ӨКМ кызматкерлеринин негизги максаты калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо экенинин дагы бир далили", — деп жазылган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter