Миллиондогон америкалыктар коронавируска каршы вакцинанын экинчи дозасын алуудан баш тартышты
- 26.04.2021, 11:38,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Pfizer же Moderna вакцинасынын биринчи дозасын алган беш миллиондон ашуун америкалыктар коронавируска каршы вакцинанын экинчи дозасын алуудан баш тарттышты. Бул тууралуу New York Times ооруларды көзөмөлдөө жана жайылтуу борборуна шилтеме берүү менен билдирди.
Анын айтымында, вакцинанын экинчи дозасын алуудан баш тарткан америкалыктардын айрымдары анын терс таасирлеринен чочулашууда, ал эми кээ бирлери бир доза эле вирустан сактай алат деп ишенишүүдө.
Буга чейин Кытай, АКШ жана Индия коронавируска каршы эмделген жарандардын саны боюнча алдыңкы өлкөлөргө айлангандыгы маалымдалган. 24-апрелге карата 207 өлкөдө 1002 938 540 доза COVID-19 вакцинасы киргизилген. Алынган эмдөөлөрдүн 58 пайызы АКШ, Кытай жана Индияга туура келет.