У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Сооронбай Жээнбеков сотко чакырылды. Айыбы...


Кыргызстандын мурдагы президенти Сооронбай Жээнбеков  шаардык сотко суракка чакыртылды. Ал камактагы Дүйшөнбек Зилалиевдин иши боюнча айыпталып жатат. Жээнбеков банктын ячейкасында табылган миллион доллардын кайдан келгени жөнүндө көрсөтмө бериши керек.


Камактагы саясатчынын адвокатынын айтымында, Зилалиев тергөө убагында банктан алынган акчалар Жээнбековдун шайлоо өнөктүгүнө камдалып, анын өзүнө тапшырылган деп көрсөтмө берген. Бирок Жээнбеков президент болуп турганда аны суракка чакыра алышкан эмес.


Сооронбай Жээнбеков соттун чакырыгына кандай жооп бергенин билдире элек. Мыйзам боюнча экс-президенттин кол тийбестик боюнча укуктары толтура, бирок сотту сыйласа, барып көрсөтмө бериши керек дешет.


Эске салсак, Зилалиевди 2018-жылы декабрда «мыйзамсыз баюу» кылмышына шектүү катары кармашкан. Мурдакы мамлекеттик кызматчынын банктагы ячейкасынан алынган, декларацияда көрсөтүлбөгөн бир миллион доллардын болгону жөнүндө маалымат тараган.

Бишкектин Биринчи май соту аны күнөөлүү деп таап, тогуз жыл түрмөгө кесип, үч жылга чейин мамлекеттик кызматка барууга тыюу салган. Азыр иш шаардык сотто каралууда.









Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter