Ысык-Көлдө 14 жаштагы кыз кош бойлуу экени аныкталды
- 23.04.2021, 18:00,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Ысык-Көл облусунда жашы жете элек кыз кош бойлуу болуп калды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
19-апрелде 39 жаштагы И.Р. аттуу жаран 16 жаштагы А.Э.ге карата чара көрүү өтүнүчү менен милицияга кайрылган. Ал жашы жете элек кызы А. Э. ден кош бойлуу болуп калганын айткан.
Бул факт Түп РИИБнин КЖБРине катталган жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 164 (он алты жашка чыга элек адамга карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.
Бардык керектүү экспертизалар дайындалды. Учурда сотко чейинки процесстин алкагында тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.