У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Россияда "Өлбөс полк" жүрүшү качан өтөрү айтылды


Салтка айланган "Өлбөс полк" жүрүшү 24-июнда өтүшү мүмкүн, ал эми 9-майда иш-чара онлайн-форматта өтөт. Бул тууралуу кыймылдын борбордук штабынын тең төрайымы Елена Цунаева МИА "Россия сегодня" агентигиндеги брифингде билдиргенин жергиликтүү басылмалар  жазып чыгышты.

Уюштуруучулар эпидемиологиялык кырдаал жакшырып, иш-чара кадимки форматта өтөт деп үмүттөнөт.
"Биз пандемияга байланыштуу абал жакшырат деп ишенип турабыз. Роспотребнадзор талаптарын өзгөртүп, "Россиянын өлбөс полку" жүрүшүн кадимки форматта өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт деп ойлойбуз", — деген ал.

Цунаева 1945-жылы 24-июнда Жеңиш парады өткөнүн, бул күн фашизмди жеңгендердин кайрадан жүрүшкө чыгышы үчүн ылайыктуу дата деп эсептейт.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter