Россиялык вирусолог коронавирусту уу коргошун менен дарылоого туурасында маалымат берди
- 17.04.2021, 14:01,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Тигил же бул каражат менен дарылоонун натыйжалуулугу клиникалык сыноолор менен гана тастыкталат. Гамалея борборунун профессору жана вирусологу Анатолий Алтштейн бул тууралуу 360ка берген маегинде кыргыз бийлигинин коронавируска каршы уу коргошундун натыйжалуулугу жөнүндө билдирүүсүнө комментарий берип жатып билдирди.
Ал ар кандай ооруну дарылоонун элдик ыкмалары көп экендигин, бирок аларды туура изилдөө сейрек жүргүзүлөрүн баса белгиледи. Вирусолог клиникалык сыноолордун жыйынтыгынын негизинде гана ишенимдүү натыйжага жетишүүгө боло тургандыгын белгиледи.
“Бизде колдонууга мүмкүн болгон көп нерселер бар. Эгер дарыгерлер жардам берет деп үмүттөнүп жатышса, аракет кылып көрүшсүн. Бирок сыноодон өтпөгөн нерсе туурасында сөз да болбошу керек”, - деди ал.