Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы “Ак-Марал” эс алуу борбору толугу менен күйүп кетти. Маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, эки кабаттуу жалпы аянты 240 чарчы метр болгон коттедж толугу менен күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.