Ош шаарында тез тамактануучу жай толугу менен күйүп кетти
- 09.03.2021, 10:30,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кечээ, 8-мартта саат 19:45 чамасында Ош шаарында тез тамактануучу жай толугу менен күйүп, өрт жанындагы имаратка өтүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Курманжан Датка көчөсүндөгү аянты 45 чарчы метр болгон “Айти” тез тамактануу жайы толугу менен күйүп, жанында жайгашкан “Магнит” тез тамактануу жайына өтүп кеткен. Натыйжада “Магнит” тез тамактануу жайынын 15 чарчы метр шыбы күйгөн. Учурда өрттүн себеби такталууда.