Панфилов районунун тургуну 15 жаштагы Адилет Данияров изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Анын айтымында, өспүрүм 2021-жылдын 20-февралында Кум-Арык айылындагы үйдөн чыгып кеткен бюонча ушул убакка чейин кайтып келген эмес.
Белгилери: бою 160-165 сантиметр, кыска кара чачтуу, арык чырай. Кара булгаары куртка, кара спорттук шым, кара кроссовка кийип жүргөн.
Өзгөчө белгилери: баштын сол жагында тырык бар.
Өспүрүм системалуу түрдө үйүнөн качып жүргөнү аныкталды. Милиция кызматкерлери аны бир нече жолу туугандарына же реабилитациялык борборго кайтарып беришкен.
Милиция Адилет Данияровду көргөн-билгендер болсл 0312607989, 0702317522, 0557080387, 0701790018 телефондоруна кабарлап коюшуӊуздарды өтүнөт.