13 жаштагы Медина Жумагазиева изделүүдө
- 24.12.2020, 17:49,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+

Ысык-Ата РИИБге дайынсыз жоголгон 2007-жылы туулган Жумагазиева Медина Русланбековна изделүүдө, ал 2020-жылы 22-декабрда үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилери: бою 159 см, орто дене түзүлүштө, чачы узун жана кара, кой көз, бетинде сепкилдер бар.
Кийими: кара түстөгү куртка, жинсы шым, бутунда уги.
Кимде-ким Медина Жумагазиеванын кайда экендигин же издөөгө көмөктөшө турган маалыматтарга ээ болсо төмөнкү номерлерга кабарлап коюсун жакындары жана укук коргоо органдары өтүнөт.
(0312) 43-01-27,
(0312) 43-88-85,
(0312) 61 69 07,
0703 17 17 75