Италияда 95 жаштагы жаран коронавирусту жеңди!
- 26.03.2020, 13:37,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Италия акыркы күндөрү оор күндөрдү башынан кечирип жатканы дүйнөгө маалым. Бирок ак менен кара эришаркак жүргөн жарык дүйнөдө жакшы кабарлар, жакшы жаңылыктар да сөзсүз болоорун дүйнө эли күтүп жатышкан. Элдин күткөнүндөй эле жергиликтүү басылмалар караңгы күндү жарык кылган маалымат таркатышты. Ал 95 жаштагы жарандын кооптуу вирустун жеңгендиги!
"95 жаш курагындагы жаран коронавирусту өз үйүнөн эле жуктуруп алган жана дарылоодон кийин абалы турукташып, учурда канааттандыраарлык деп бааланууда. Мындан улам дарыгерлер эгер адамдын иммунитети күчтүү болсо, жаш курагына карабай ооруну жеңе алат деген тыянакка келишүүдө" деп жазылат дүйнөлүк басма сөз булактарында.