Бишкекте 14 жаштагы өспүрүм өзүнө-өзү жаракат келтирип каза болду
- 09.04.2021, 13:14,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бишкекте 14 жаштагы өспүрүм өзүнө-өзү жаракат келтирип каза болду. Бул туурал борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 6-апрелде Ак-Ордо-3 конушунда болгон. Өспүрүм электр «болгарка» менен моюнунан жаракат алган. Натыйжада, ал алган жаракатынан улам ошол жерде көз жумган.
Бул факт боюнча Жазык кодексинин 136-беренеси (өз өмүрүн кыюуга жеткирүү) менен иш козголуп, тергөө жүрүп жатат.