Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Токтогул Туманов пневмониядан каза болду
- 07.04.2021, 12:55,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Токтогул Туманов пневмониядан каза болду. Бул тууралуу Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев маалымат каражаттарына билдирди.
Маалыматка ылайык, Туманов 1-апрелде ооруканага оор абалда жаткырылган. Ал пневмония болуп ооруп, үйүндө дарыланып, абалы оорлошкондо ооруканага барган. Дарыгерлердин аракетине карабай ал кечээ, 6-апрелде каза болгон.
Эске салсак, Токтогул Туманов 2010-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.