Коронавирус менен ооруган 806 адамдын 144үнүн абалы оор
- 22.03.2021, 11:53,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстанда учурда коронавируска каршы 806 адам дарыланууда. Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда 360 бейтап амбулатордук шартта (үйдө), ооруканаларда - 446 бейтап дарыланууда. Анын ичинен 19 адамдын абалы өтө оор, 125инин абалы оор экени айтылды. Жалпы оорулуулардын басымдуу бөлүгүнүн абалы - 298 адам (же 66,8 пайыз) - оор деп бааланууда.