Бишкекте жеңил унаа 17 жаштагы өспүрүм менен дагы бир кызды сүзүп кетти
- 07.04.2021, 10:58,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бишкекте Mazda үлгүсүндөгү автоунаа жөө адамдар өтүүчү жерден 17 жаштагы өспүрүм менен дагы бир кызды сүзүп кетти. Бул тууралуу шаардын Кайгуул милициясынын маалымат кызматы кабарлады.
Жол кырсыгы ордо калаанын Москва — Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде 6-апрель күнү саат 21:40тар чамасында болгон.
Кайгуул милициядан билдиришкендей, жабыркагандар оор абалда ооруканага жеткирилген. Айдоочу окуя болгон жерден из жашырып кеткен эмес. Автоунаасы айып короого токтотулганы маалым болду.