У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жедигер Саалай: "Оо Жараткан, Кудай өзүң улуксуң, айласын тап, ажыдаардай вирустун"

Жедигер СААЛАЙ  “ТААЖЫ ВИРУС” ЖӨНҮНДӨ

Таажы вирус – хан тектүүсү вирустун,
Кимиң кайдан, качан, кантип жугуздуң?
Оо Адамзат, “ойноп жатып от менен”
Келдиң беле тукумуңду куруткуң?!

Жок калгансып башка курал, ок-дарың,
Жок кылуучу бүркпөй туруп от-жалын.
Лабораторияңда дарт жасап,
Оо пенделер, калбайт тура шок жагың!

Жаңы вирус – бир зөөкүрдүн куралы,
Карапайым калктын жетсин убалы!
Муну тапкан жексур нени ойлоду,
 Адамзатын тукум курут кылабы?!

Ордосуна тийсе бирөө жыландын,
Айтышчуле ханышасы чыгарын.
Таажысы бар болот дешчү башында,
Түгөйү бейм жаңы вирус – бул анын.

Оо Жараткан, Кудай өзүң улуксуң,
 Айласын тап, ажыдаардай вирустун.
Адамзатын жок кылууну көздөгөн,
Адам сынду шүмшүктөрдү куруткун!

Азырынча  үй-үйлөргө кайткыла,
Тартип керек, башкага да айт мына!
Манас коргоп келген дайым кыргызды,
Күпүлдөтүп күн-түн Манас айткыла!

25.03.2020.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter