Казакстанда коронавируска кабылгандардын саны күн санап өсүп бара жатат. 31-март күнү өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги сутка ичинде 1 663 киши жуктурганын айтса, 1-апрель күнү бул көрсөткүч 1 873кө жеткен. Ал эми бүгүн 2 077 кишиден COVID-19 табылганын казак басылмалары жазышууда.
Ошондой эле өткөн суткада коронавирус менен пневмониядан 12 киши каза тапкан.
Вирус көбүнесе Алматы (595 киши) менен Нур-Султан (427 киши) шаарларында катталууда.
Ушул тапта Казакстанда Нур-Султан, Алматы, Атырау, Актөбө шаарлары жана Алматы, Батыш Казакстан облустары "кызыл" зонада.