У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бүгүндөн тарта Нур-Султан шаарында карантиндик чаралар күчөтүлөт


Казакстандын борбору Нур-Султан шаарына 30-марттан баштап кошумча карантиндик чектөөлөр киргизилүүдө. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, борбор калаанын башкы мамлекеттик санитардык дарыгери туруксуз эпидемиологиялык кырдаалга жана COVID-19 илдетинин көбөйүшүнө байланыштуу Нур-Султандагы карантиндик жана чектөө чараларын күчөтүү боюнча жаңы буйрукка кол койду. Буйрукка ылайык, соода борборлору, көңү ачуучу жайлары иш күндөрү саат 17.00гө чейин иштейт. Ал эми дем алыш күндөрү иштөөсүнө тыюу салынат.

Мындан тышкары, шаардын мектеп окуучулары (9, 11 (12) класстарынын окуучуларынан тышкары) дистанциялык окутууга өтүшүүдө.
Дем алыш күндөрү коомдук тамактануу жайларынын иштөөсүнө тыюу салынат. Бул күндөрү үйгө жеткирип берүү кызматы гана иш алып бара алат. Жаңы регламент 30-мартта күчүнө кирет.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter